Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Казакстанда бузулуп калган автобустагы 47 өзбекстандык куткарылды


Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Астанадан 50 чакырым алыстыкта бузулуп калган автобустагы 47 өзбекстандыкка жардам беришти.

Мекеменин өкүлү Руслан Иманкуловдун билдиришинче, куткарылган өзбекстандыктар Агротехника колледжинин имаратына жеткирилип, ысык тамак жана жылуу төшөнчү менен камсыз болушкан. Эртең менен аларды атайын автобус Астанага жеткирген.

Маалыматка караганда, 23-январга оогон түнү -40 градуска жеткен суукта жүргүнчү ташыган автобустун күйүүчү майы тоңуп калган.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жергиликтүү бийлик органдарына айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн жылынуу пункттарын жана ысык тамак уюштурууну тапшырган.

XS
SM
MD
LG