Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Мас болуп жүргөн милиция кызматкери иштен алынды


Мас болуп жүрөт деген милиция кызматкеринин видеосу социалдык тармакка жайылып кеткен.
Мас болуп жүрөт деген милиция кызматкеринин видеосу социалдык тармакка жайылып кеткен.

Мас абалында көчөдө селсаяктарды коркутуп жаткан милиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Сеитовдун айтымында, иштен алынган милиция кызматкери Бишкек шаарындагы Биринчи Май районуна караштуу мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын өкүлү экени аныкталды.

- Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган кызматкерлер иштен айдалып, жетекчилери дагы тартип жазасына кириптер болду. Ошондой эле мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын бардык бөлүгүнө атайын буйрук жиберилип, мындан ары ушундай кемчиликтер катталса катуу чаралар көрүлө турганы эскертилди. Ар бир кызматкерге иш үстүндө жана башка учурда өзүн туура алып жүрүү, жарандарга жасаган мамилесин оңдоо да эскертилди.

26-январда социалдык тармактын колдонуучулары жолдон өтүп бараткан жарандарды суракка алып, түкүрүп, сөгүп-сагып жаткан милиция кызматкеринин видеосун жарыялашкан. Окуя 2017-жылдын 29-декабрында тартылганы маалым болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG