Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Бишкекти жылуулук менен камсыздоо боюнча ыкчам штаб түзүлдү


Бишкек ТЭЦинин жумушчусу. (архивдик сүрөт)
Бишкек ТЭЦинин жумушчусу. (архивдик сүрөт)

Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Анын курамына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбеков, Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары”, "Кыргызстан улуттук электр тармагы", “Түндүк электр”, “Бишкек жылуулук тармагы” ишканаларынын жетекчилери кирди.

Штабды биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектемей болду. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаковдун жетекчилиги алдында 27-январда өткөн кеңешмеде белгилүү болду. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жыйында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ТЭЦтеги өндүрүштүк кырсыктын айынан калаа тургундарын жылуулук менен камсыздоо сапаты начарлап кеткенин маалымдады.

Өкмөт башчы Сапар Исаков борбор калаанын социалдык объектилерине жылуулук жеткирүүдө ыңгайсыздыктар жаралбашы керектигин белгиледи.

26-январда ТЭЦтин эски агрегаттарга суу бөлүүдө колдонулган айрым жабдуулары убактылуу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 52 градуска төмөндөгөн. Адистер бүгүн түнгө чейин ТЭЦтеги кырдаал жөнгө салынарын убада кылышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG