Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Башкы прокуратура Бажы кызматына каршы иш козгоду


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Башкы прокуратура Мамлекеттик Бажы кызматынын автоматташтырылган маалыматтык системасына мыйзамсыз киргени боюнча төрт кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши Кылмыш жана жаза кодексинин 304-315-204-210-беренелеринин негизинде (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “аткезчилик” жана “бажы салыктарынан качуу”) козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгында, Бажы кызматынын айрым кызматкерлери жана башка кишилер 2017-жылдын август айынан октябрь айына чейин автоматташтырылган системанын сыр сөзүн жана логинин пайдалануу менен ага мыйзамсыз кирип, бажы процедураларын жасап жүргөнү аныкталган. Бул ЕАЭБге кирген өлкөлөргө болжол менен 143 млн сомдук материалдык зыян алып келген.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG