Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчтү


Түнкү Бишкек
Түнкү Бишкек

Бүгүн Бишкектин бир катар бөлүгүндө электр жарыгы өчүп калды. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз катчысы Гуля Мураталиеванын “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, электр энергиясына суроо-талап көбөйгөн учурдан баштап шаардын ички райондорунун айрымдарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган.

- Учурда ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу айрым райондордо электр энергиясы үзгүлтүккө учураганы байкалды. Электр энергиясын көп пайдалангандан улам Асанбай, Туңгуч кичи райондорунун бир бөлүгүндө жарык өчкөн. Көк-Жарда калыбына келтирилди. Ак-Ордо конушунда жарык өчкөн. Азыр бригадалар жер-жерлерде иштеп жатат.

26-январда ЖЭБ (ТЭЦ) эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган айрым жабдуулары убактылуу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG