Учурда Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иши штаттык режимде жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Улуттук энергохолдинг компаниясынын" жетекчиси Айбек Калиев өкмөт башчы Сапар Исаковго ЖЭБда жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, жылуулук менен электрди өз режиминде берүү үчүн кошумча агрегат иштеп жатканын билдирген.
"Эртеңден тарта жылуулук берүү калыбына келип, суунун температурасы көтөрүлөт. Учурда төртүнчү блоктун күчү менен станция жүктү көтөрүп жатат. Мүчүлүштүк эски блоктордо болгон. Эгер жаңы блоктор иштебегенде жылуулук кеткен түтүктөр тоңуп, электр энергиясына чектеө киргизилмек", -- деген Айбек Калиев.
26-январда ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган айрым жабдуулары убактылуу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам үйлөрдү жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 52 градуска төмөндөгөн.