Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Чехияда Земан президент болуп кайра шайланды


Милош Земан
Милош Земан

Милош Земан беш жылдык мөөнөт менен Чехиянын жаңы президенти болуп кайра шайланды.

Анын атаандашы, академиянын мурдагы башчысы Иржи Драгош жеңилгенин моюнга алды. Расмий маалыматка караганда, президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Земан Драгоштон болжол менен 150 миңдей көп добуш алган.

Шайлоочулардын 51 пайызы Земанды колдосо, 48% Драгошко добуш берген. Шайлоонун экинчи айлампасына жалпы шайлоочулардын болжол менен 67 пайыздайы катышканы айтылууда. Биринчи турунда бул сан 60 пайызды түзгөн болчу.

2013-жылы алгачкы жолу президент болуп шайланган Милош Земан Чехия коомчулугунун саясий маанайына күчтүү басым жасаганы айтылып келет. Аны атаандаштары "Кремл менен өтө тыгыз мамиледе" деп сындап жүрүшөт. 73 жаштагы Земан президент болуп турган беш жыл ичинде бир нече ирет Орусияга барган, Крым аннексиясы жана Украина чыгышындагы кырдаалга байланыштуу киргизилген санкцияларды жокко чыгарууну колдогон.

Чехияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 26-27-январь күндөрү өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG