Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Кыргызстанда айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат


Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында 29 шайлоо округу, 56 шайлоо участкасы уюшулган.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, бардык шайлоо участкалары өз убагында 8:00дө ачылды.

- Мамлекеттик каттоо кызматынын шайлоочуларды идентификация кылчу жабдууларынын бардыгы иштеп жатат. Биздин автоматтык эсептегич урналар өз убагында иштеди. Добушканалар өз убагында ачылды.

Шайлоо 11 жергиликтүү кеңеште, эки шаардык кеңеште жана тогуз айылдык кеңеште өтөт. Жалпысынан 211 депутат шайланат. Алардын 149у айылдык кеңештин, 62и шаардык кеңештин депутаттары. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоосуна катышуу үчүн 1250 талапкер катталган. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 87 миң 132 шайлоочу киргизилген.

Бул күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешине депутаттар шайланат. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин, Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин, Көк-Ойрок айылдык кеңешинин, Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG