Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Түркия АКШны Манбижден аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды


Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган

Түркия АКШны Сириянын түндүгүндөгү Манбиж шаарынан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын кеңсесинин маалымдамасында айтылат, - деп жазды “Рейтер” агенттиги. Манбиж калаасын сириялык күрттөрдүн куралдуу топтору көзөмөлдөйт.

Анкаранын билдирүүсүндө АКШ президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер Түркиянын өкүлдөрү менен телефондон сүйлөшүп, Кошмо Штаттар мындан ары сириялык күрттөргө курал ташыбай турганын маалымдаганы жазылган. Вашингтон бул маалыматка азырынча жооп бере элек.

Расмий Анкара Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагында күрт кошуундарына каршы "Зайтун бутагы" деп аталган аскердик операциясын жүргүзө баштаганын 17-январда билдирген.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти НАТОго мүчө Түркияны Сириянын түндүк-батышындагы күрттөргө чабуул койбоого чакырган.

Мамдепартамент расмий Анкара анын ордуна "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшкө көбүрөөк көңүл бурушу зарылдыгын белгилеген.

Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну деп аталган тобун Кошмо Штаттар колдоп, Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө ага жардам берип келсе, Түркия бул кошуунду да террордук топ деп эсептейт.

14-январда АКШ баштаган эл аралык коалиция күрттөр жетектеген кошуундарга 30 миң кишиден турган чек ара күчтөрүн түзүүгө жардам берерин жарыялаган. Буга Түркия караманча каршы экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG