Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Орусияда “Шайлоочулардын көтөрүлүшү” акциясы өтүп жатат


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Бүгүн Орусиянын айрым шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары “Шайлоочулардын көтөрүлүшү” деген акцияга чыгышты.

Мындай акция Улан-Удэ, Иркутск, Магадан жана Владивостокто өттү. Аталган шаарларда жергиликтүү бийлик уюштуруучулар сураган жерге акция өткөрүүгө ураксат берген эмес. Иркутск жана Чита шаарларындагы штабдын ыктыярчылары кармалганы айтылууда.

Декабрь айында Орусиянын Боршайкому Алексей Навальныйдын соттуулугун жүйө кармап, ага талапкер болууга уруксат бербей койгон. 18-январда Конституциялык сот да БШКнын чечими боюнча Навальныйдын доо арызын кароодон баш тарткан.

Навальный бийлик өзүн атайылап шайлоого катыштырбай жатканын айтып, 2018-жылдын 18-мартында өтө турган шайлоону президент Владимир Путинди “кайра дайындоо” катары мүнөздөп, орусиялыктарды добуш берүүгө келбөөгө да үндөгөн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG