Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:43

Аба ырайынан улам Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы токтотулду


Аба ырайынан улам Жалал-Абад - Бишкек авиакаттамы токтотулду. 28-январь, 2018-жыл
Аба ырайынан улам Жалал-Абад - Бишкек авиакаттамы токтотулду. 28-январь, 2018-жыл

Аба ырайынан улам 28-январда Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы токтотулуп, билеттер Ошко которулду.

Ондогон жүргүнчүлөр уюштуруу иштери начар болуп жатканына нааразы болушту. Ошко чейин транспорт уюштуруп берүүнү талап кылышты.

“Азаттыктын” кабарчысы Санжар Эралиевдин белгилешинче, билеттер Ошко которулганына байланыштуу такси баасы 250 сомдон дароо 400 сомго кымбаттады. Авиакаттамды аткарган “Тез жет” компаниясы каттам аба ырайына байланыштуу токтотулганын жана Ош аэропортуна чейин жүргүнчүлөрдү жеткирүү милдетин албай турганын айтты.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад – Бишкек каттамы 26-январда да учпай калган. Жүргүнчүлөр арасында эки күндөн бери рейсти күтүп отургандар бар.

Бишкек - Жалал-Абад - Бишкек багыты боюнча шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү бирден рейс болот. Жүргүнчүлөрдү "Авиа трафик" жана "Тез жет" компаниялары тейлейт. (KE)

XS
SM
MD
LG