Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:49

Бишкекте ысык чай, тамак менен камсыз кылуу пункттары иштеп жатат


Бишкек шаарында ызгаардуу суукта муктаж адамдарга чай, ысык тамак берип, жылуу жайга жайгаштыруу боюнча пункттар жана көчмө чатырлар иштеп жатат.

Шаар мэриясынан кабарлашкандай, 27-январдан 28ине караган түнү кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарына бир нече үй-бүлө жана жеке адамдар кайрылган. Алардын баары мейманканаларга, мектептерге жайгаштырылып, ысык тамак, жылуулук менен камсыз болушту. Мындан тышкары, Бишкек мэриясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ысык чай берген 40тай жылуу чатырларды орнотту.

Чатырларга жолдо бараткан жөө жүргүнчүлөр жана жумушчулар жылынуу үчүн кайрылып жатышат. Баш калкалоочу жайлардын бардыгында жана кээ бир муниципалдык ишканаларда кайрылгандар үчүн ысык тамак уюштурулуп, түнөөчү жайлар иштөөдө. Мындай жайлар шаардын бардык райондорунда уюштурулду.

Ушул күндөрү Кыргызстанда суук күчүндө. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, абанын температурасы Бишкекте түнкүсүн -23...-25, күндүз -16...-18 градус болууда. Мындай аба ырайы 29-январга чейин сакталат.(КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG