Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Кабулдагы жарылуудан каза болгондордун саны 103кө жетти


Кабул
Кабул

Кабулдагы жанкечти чабуулунан кийин Ашраф Гани 28-январды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Өлкөдө жана Ооганстандын башка мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө туу түшүрүлүп, айрым иш-чаралар жылдырылды. Ооганстандын ички иштер министри Ваис Бармак жардырууда каза болгондордун саны 103кө жеткенин билдирди.

Анын айтымында, 235 киши жараат алган. Алардын 30дан ашууну аскер кызматкерлери. Жанкечти Тез жардам унаасы менен бир нече көзөмөл пункттардан өтүп барып жарылган.

“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забихуллах Мужахид "жардырууну акыркы мезгилде ооган баш калаасына калаба уюштуруп жаткан куралчан топтор ишке ашырды" деп жооп берген.

Бул калаба өткөн жумада "Интерконтиненталь" мейманканасында кеминде 25 кишинин өмүрүн алган кол салуудан кийинки ири теракт болуп калды.

27-январь күнү Гилменд провинциясында да жанкечти автоунааны жардырып жибергенде алты адам жарадар болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG