Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Суукка байланыштуу бала бакчалар убактылуу жабылды


Бишкек
Бишкек

Катуу суукка байланыштуу Бишкектеги бала бакчалар убактылуу иштебейт. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаардык билим берүү департаментинин чечимине ылайык, мамлекеттик бала бакчалар 29-30-январь күндөрү иштебейт. Жеке менчик бала бакчалар тууралуу маалымат айтылган эмес.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги "аба ырайы кескин суук болот" деген эскертүүлөргө байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотулганын билдирген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн - 25 градуска чейин төмөндөй турганын маалымдаган. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн - 30, Суусамырда -40 градус болорун эскерткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG