Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Эрдоган Түркиянын чегин "террорчулардан" тазалоого убада берди


Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркия Сирия менен бүтүндөй чек арасын "террорчулардан" тазалайт деп убада берди. Ал мындай сөзүн 28-январда өзүнүн "Адилет жана өнүгүү" партиясынын Амасия шаарындагы жыйынында айтты.

Эрдоган чек ара согушкерлерден толук тазалангандан кийин Түркияда жүргөн сириялык качкындар өз мекенине кайтса болорун кошумчалады.

Түрк армиясынын Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагындагы аскердик операциясы эки жумадан бери жүрүп жатат. Эрдогандын жекшембидеги билдирүүсүнөн бир аз мурда түрк аскерлери жана алар тарабындагы сириялык жоочулар стратегиялык Бурсая дөңсөөсүнөн күрт кошуундарын сүрүп чыгарганы белгилүү болду.

Бул дөңсөө күрттөр башкарган Африн анклавын Түркия көзөмөлдөгөн Азаз шаарынан бөлүп турат. Түркия күрт кошуундарын Афринден сүрүп чыгып, аймакта "коопсуз тилке" түзүүнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG