Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, “Кыргызстан – тоо лыжасынын өлкөсү” фестивалы 3-февралда “ЗиЛ” базасында өтөт. Анда адистер туризмди өнүктүрүү боюнча пикир алмашат. Чет элдиктердин кышында Кыргызстандын тоолоруна келип эс алышы шарт түзүү маселеси да талкууланмакчы. Фестивалда жеке менчик компаниялар кызматтарын сунуш кылып, элге өздөрү тууралуу маалымат беришет.
Эс алуучулардан түшкөн каражат балдардын кургак учук, онкологиялык ооруканаларына, Ак-Суу психоневрологиялык интернатына, Республикалык кан борборуна жана балдар үйлөрүнө берилет.
Жыл сайын өтүүчү бул фестиваль Жапониянын JICA уюмунун демилгеси менен алгач ирет 2010-жылы уюштурулган.
Буга чейин өкмөт башчы Сапар Исаков кышкы туризм өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири экенин белгилеп, бул боюнча аткарылчу көптөгөн иштер бар экенин билдирген. Ошондой эле премьер-министр жыл сайын кышкы спортко кызыккан чет өлкөлүк саякатчылар көбөйүп жатканын белгилеген. Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы иштейт. (КЕ)