Катуу суук түшкөнүнө байланыштуу жолго чыккан коомдук транспортко колдонулган күйүүчү май тоӊуп, каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлар кездешүүдө. Ошондой эле акыркы эки күн ичинде эртең менен от албай, жолго чыга албай калгандыктан каттамдарда коомдук транспорт кескин азайган. Ушундан улам Бишкек мэриясы шаардыктарды жолго чыккан убакытты алдын-ала пландап же муктаждык болбосо көчөгө чыкпай турууга үндөдү.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык транспорт башкармалыгы жана жүргүнчүлөрдү ташуучу жеке менчик ишканалар менен күн суук учурунда шаардыктарды ташууну үзгүлтүккө учуратпаш үчүн чара көрүүдө.
Ушул күндөрү Кыргызстанда суук күчүндө. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, абанын температурасы Бишкекте түнкүсүн -23...-25, күндүз -16...-18 градус болуп атат. Мындай аба ырайы 29-январга чейин сакталары эскертилген. (КЕ)