Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:54

Бишкекте коомдук транспорт калыбына келди


Бишкек. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 29-январда эртең мененки саат сегиздеги маалымат боюнча Бишкек шаарында 93 троллейбус, 1700дөй кичиавтобус жүргүнчү ташый баштады. Бул баш калаадагы жалпы транспорттун 89 пайызын түзөт.

Ал эми автобустардын жарымы гана ишке чыкты. Бишкек мэриясы учурда 53 автобус жүргүнчү ташып жатканын, бул жалпы автобустардын 42 пайызын гана түзөрүн маалымдады.

Шаардык бийлик коомдук транспорт кечки саат 11ге чейин үзгүлтүксүз иштей турганын билдирүүдө.

Акыркы эки күндөн бери аба ырайы кескин сууганына байланыштуу жолго чыккан коомдук транспорттун күйүүчү майы тоӊуп, каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлары кездешүүдө. Эртең менен от албай, каттамга чыкпай калган коомдук транспорт кескин азайгандыктан, мэрия шаардыктарды зарылчылык болбосо көчөгө чыкпай турууга үндөгөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG