Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

УКМК Бишкек ЖЭБин текшерип жатат

Бишкек ЖЭБинин кеңсеси.
Бишкек ЖЭБинин кеңсеси.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектеги Жылуулук электр борборун контртеррористтик иш-чаралардын алкагында текшерип жатат. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди:

- "Бишкек жылуулук борборунда авария болду" деген маалымат чыкканда эле УКМК текшерүү иштерин баштаган. Азыр ал текшерүү уланып жатат. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

26-январдын кечинде Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, шаарда жылуулукка чектөө киргизилген. Энергохолдинг "авария 28-январга караган түнү оңдолду" деген маалымат берген. Бирок айрым шаардыктардын айтымында имараттар талаптагыдай жылый элек. (SDz)

XS
SM
MD
LG