Бишкек жылуулук борборундагы авариядан кийин башкалаадагы базарларда электр жылыткычтарга суроо-талап көбөйдү. "Азаттык" радиосунун кабарчылары базарларды кыдырган учурда сатуучулар электр жылыткычтар 27-28-январдагы дем алыш күндөрү көп сатылганын билдиришти. Бирок алардын баасы көтөрүлгөн эмес. Орто эсеп менен көлөмүнө, чыгарган өлкөсүнө, өндүрүүчүгө жараша 500 сомдон жогору сатылууда.
26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болуп, башкалаанын көп кабаттуу үйлөрүнүн жашоочулары, социалдык объектилер жылуулуксуз калды. Батирлер муздак болгондуктан, шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болуп жатышат. "Түндүк электр" ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган. (NT/BzA)