Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:39

"Улуттук энерго холдинг": ЖЭБдеги кырдаал жеңил эмес


Бишкек жылуулук электр борборундагы маалымат жыйыны. 29-январь, 2018-жыл
Бишкек жылуулук электр борборундагы маалымат жыйыны. 29-январь, 2018-жыл

"Улуттук энерго холдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков Бишкек жылуулук электр борборундагы азыркы абал жеңил эместигин мойнуна алды. Бул тууралуу ал аталган борбордо өтүп жаткан маалымат жыйынында айтып, жылуулукту калыбына келтирүү иштери уланып жатканын белгиледи:

- Кырдаал жөнөкөй эмес. Ошого жараша аракет көрүп жатабыз. Температура кескин төмөндөп, бизге көп көйгөй жаратты. Биринчиден, шаар тургундарынан кечирим сурайбыз. Ар бирибиздин өзүбүзгө жараша жоопкерчилигибиз, күнөөбүз бар. Колдон келишинче иштеп жатабыз. Бирок ал жасалган аракеттер жетиштүү болбой жатат. Жылуулук электр борбору толук кандуу иштебесе да, электр энергияда шаар боюнча авариялар болуп жатат. Кечээ 60ка жакын авария катталды. Жылуулук боюнча беш пункт бар. Алар Батыш-1, Батыш-2, Батыш-3 жана Чыгыш, Аламүдүн - 1. Учурда Батыш-3тө абал бир аз начар, температура төмөн. Калганына 60 градустун тегерегинде жылуулук берип жатабыз. Саат сайын температураны көтөргөнгө аракет кылуудабыз.

Буга чейин маалымат жыйынга "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Айбек Калиев келери кабарланган. Бирок Калиев баштаган тиешелүү жетекчилер келбегени маалым болду. Анын орун басары Нурлан Садыков, Бишкек жылуулук борборунун директору Нурлан Өмүр уулу баштаган өкүлдөр журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG