Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Бишкекте жылуулук качан калыбына келери белгисиз


Нурлан Садыков.
Нурлан Садыков.

Бишкек Жылуулук электр борборунда өткөн маалымат жыйынында тиешелүү ишканалардын жетекчилери жылуулук качан толук калыбына келерин айта алышкан жок. "Улуттук энерго холдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков "температураны жогорулатуу боюнча саат сайын колдон келген бардык аракеттер көрүлөт" деп айтуу менен чектелди.

Ал борбордогу азыркы абал жеңил эместигин мойнуна алды, оңдоо иштери уланып жатканын кошумчалады.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Ошондон бери башкалаанын айрым райондоруна жылуулук тиешелүү деңгээлде берилбей жатат. Батирлер, социалдык объекттер муздак болгондуктан, шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болуп жатышат. "Түндүк электр" ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG