Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

УКМК: Кыргызстанда террордук топ түзүүгө камынган чет элдиктер кармалды


Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдиргендей, үч чет элдик киши 13-январда террорчуларды аныктоо боюнча операциянын жүрүшүндө кармалган. Атайын кызмат алардын КМШнын курамындагы мамлекеттердин биринин жарандары экенин билдирди. Бирок кайсы өлкө экенин тактаган жок.

Маалыматка караганда, кармалгандардын бири "эл аралык террордук уюмдун курамында мурда Сириянын аймагында болгон, кылмыш кылган" деп издөөгө алынган. Мунапыс жарыяланганына байланыштуу укук коргоо органдарына өз эрки менен келип, кылмыштуу жолунан кайтууга убада берген. Бирок атайын кызматтын билдирүүсүндө көп өтпөй эки тарапташы менен Кыргызстанга келип, эл аралык террордук уюмдун көмүскө түйүнүн түзүү максатын көздөгөнү айтылат.

УКМКнын маалыматына караганда, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 500дөн ашуун. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакытка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.

XS
SM
MD
LG