Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 01:24

Орус спортчулары Паралимпиадага катышууга уруксат алышты


Сочидеги паралимпиада. 14-март, 2014-жыл.

Орусиялык Паралимпиада спортчулары февраль айында Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтүүчү кышкы оюндарга катышууга уруксат алышты. Алар бейтарап желек алдында спорттун беш түрү боюнча мелдешке катышарын Эл аралык паралимпиада комитети дүйшөмбүдө билдирди. Комитет Орусиянын паралимпиада комитети кызытмага каршы күрөштө жылыш жасаганын, өзүнүн таза экенин далилдей алган паралимпиада спортчулары оюндарга катыша алаарын белгиледи.

Эл аралык комитет паралимпиада спортчуларына уруксат бергени менен Орусиянын паралимпиада комитетине карата чектөөсүн күчүндө калтырды.

Декабрь айында Эл аралык олимпиада комитети да Орусиянын негизги курама командасына Пхёнчхандагы олимп оюндарына катышууга тыюу салып, кызытмага аралашпаган спортчуларга бейтарап желек менен чыгууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG