Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги абал үчүн шаардыктардан кечирим сурады


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча шаар тургундарына кайрылып, кечирим сурады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Учурдагы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарындагы абалдын оордугун жана ушул күндөрү шаар тургундары башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды жакшы түшүнүп турам. Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланат”, - деп айтылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.

Мындан сырткары шаардыктар үйлөрдү жылытууга электр энергиясын өтө көп керектеп жатканы, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себептерин укук коргоо органдары иликтей турганы белгиленген. Ошондой эле түзүлгөн кырдаалдан улам өкмөт бул тармакка мынан ары артыкчылык берип, катуу көңүл бурары, реформалоо үчүн бардык аракеттер жумшалары айтылган.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Ошондон бери башкалаанын айрым райондоруна жылуулук тиешелүү деңгээлде берилбей жатат. Батирлер, социалдык объектилер муздак болгондуктан шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болуп жатышат. "Түндүк электр" ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG