Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

ЖАМК: видеокөзөмөл Текебаевдин макулдугу менен коюлган


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев кармалып турган камерага видео көзөмөл анын макулдугу менен коюлганын билдирүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады.

- Видео көзөмөлдү Кылмыш-жаза кодексинини 55-беренесинин негизинде абак жайдын администрациясы койгонго укуктуу. Бизде түрмөлөр лагер түрүндө, ал эми Текебаев отурган жай камера. Ошондуктан анын ден соолугуна, жалпы коопсуздугун камсыз кылуу максатында өзүнүн уруксаты менен, жазуу түрүндө макулдугу менен коюлуптур.

Буга чейин Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов бүгүн, 29-январда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге жолугуп чыкканын билдирген. Анын айтымында, саясатчы видеокөзөмөлгө каршы болуп, ал өзүнүн уруксаты жок орнотулганын билдирген.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. 2017-жылдын ноябрь айында Жогорку сот эки саясатчыны сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG