Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Бишкекте мектептердеги каникул узарышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу калаадагы мектептерде каникул узартылышы ыктымал.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Калперизат Айдарбекова “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, маселе бүгүн, 30-январда чечилет.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Ошондон бери башкалаанын айрым райондоруна жылуулук тиешелүү өлчөмдө берилбей жатат. Батирлер, социалдык объектилер муздак болгондуктан, шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болууда. "Түндүк электр" ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги "аба ырайы кескин суук болот" деген эскертүүлөргө байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотулганын билдирген. Мындан кийин Бишкек мэриясы да шаардагы бала бакчалардын ишин 30-январга чейин токтотуу жөнүндө чечим чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG