Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

“Атамекенчилердин” соту уланат


Аида Салянова сот залында. 10-октябрь, 2017-жыл.
Аида Салянова сот залында. 10-октябрь, 2017-жыл.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын ишин кароону улантат.

Бул тууралуу аталган партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, бүгүн тараптардын жарыш сөзү башталат жана өкүм чыгышы ыктымал.

29-январдагы соттук жараянда адвокат Чынара Жакупбекова суукка байланыштуу процессти жылдырууну өтүнгөн. Сот жактоочунун өтүнүчүн четке какты. Мындан кийин соттук коллегияга төрагалык кылган Ирина Воронцовага кайрадан ишенбөөчүлүк көргөзүлдү.

Аида Саляновага кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жаштагы кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Ушул эле күнү шаардык сотто дагы бир "атамекенчи" депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту белгиленген. Сотто күбөлөр суралууда.

Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовду 5 миллион сом айыпка жыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, жогорку инстанцияга даттанган.

Шыкмаматов менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG