АКШнын президенти Доналд Трамп Кабулда бейкүнөө ондогон адамдын өмүрүн алган жардыруу тууралуу сүйлөп жатып Вашингтон талибдер менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.
- Талибдер менен сүйлөшкүбүз келбейт. Балким убагы келгенде сүйлөшөбүз, бирок азыр эмес, - деди ал 29-январда Ак үйдө БУУнун Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен жолуккан учурда.
27-январда талибдердин Кабулдагы жардыруусунан 103 киши каза тапкан. Бул кол салуудан кийин АКШнын президенти Доналд Трамп бардык өлкөлөрдү ушул экстремисттик топко каршы "чечкиндүү чара көрүүгө" чакырган.
Ак үйдө сүйлөп жатып Трамп: “Биз Ооганстанда аягына чыгара турган ишибизди бүтүрүшүбуз керек. Бейкүнөө адамдарды оңду-солду өлтүрүп жатышат, алардын ичинде балдар да бар”, - деди.