Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:04

Сот Канатбек Исаевди дагы бир айга камакта калтырды


Канатбек Исаев көрсөтүлүп жаткан сыналгы.
Канатбек Исаев көрсөтүлүп жаткан сыналгы.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 28-февралга чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын жубайы Жамиля Исаева кабарлады. Анын айтымында, сот иш боюнча тергөө уланып жатканын айткан.

Исаевди былтыр 30-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган. Буга депутат "бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деген негизде Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") боюнча иш козгогон.

2-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Исаевдин баш коргоо чарасын аныктап, 30-ноябрга чейин камакта калтырган. Ишемби күнкү сот отурумунда камак мөөнөтү 30-январга чейин узартылган. Бул боюнча соңку сот 26-январда, кечки саат алтыга жакын жабык каралды.

Исаевдин жакындары аны камакка алууда саясий негиз бар экенин айтып, депутатты коргоо комитети да түзүлгөн.

Канатбек Исаевге алгачкы кылмыш иши былтыр май айында козголгон. Ага "Токмок шаарынын мэри болуп турганда жемкорлукка барган" деген айып тагылып, Биринчи май райондук соту 12 жылга кескен. (КE)

XS
SM
MD
LG