Өрт Ош базарындагы "Сейтек" дүкөнүнөн чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришти.
Өрттүн сүрөтү тартылган видео, сүрөттөр Интернетке жарыяланууда. Анда базардын азык-түлүк саткан бөлүгүнө кире бериште жайгашкан имарат өрттөнүп, коюу кара түтүн каптап турганын көрүүгө болот.
ӨКМ өрттү өчүрүүгө беш топ тартылганын кабарлады. Тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн саат 10го чукул келип, өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи тобу 9:48де чыгып кеткен. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.