Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Ош базарындагы өрт ондогон павильонду каптады


Ош базары. 30-январь, 2018-жыл.
Ош базары. 30-январь, 2018-жыл.

Ош базарында өрт чыккан дүкөндөрдүн сатуучулары жертөлөдөгү товарларын алып чыгууга аракет кылып, бирок милиция аларды өткөрбөй, ортодо тирешүү чыкты.

"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, сатуучулар кийим-кечеден турган товарлары жертөлөдө экенин жана ал жакка азырынча өрт жете элек экенин айтып жатышат. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өрт чыккан жакка эч кимди өткөрбөй, тилсиз жоону өчүрүү иштери уланууда.

Өрт бүгүн саат 09:30дар чамасында Бейшеналиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Сейтек" дүкөндөр комплексинде чыккан. Аны өчүрүүгө беш топ тартылып, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов да окуя болгон жерде жүрөт.

Жалпы ондогон соодагердин павильонун өрт чалганы айтылууда. Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар жана курмандыктар жок. Кырсыктын себептери тактала элек. (AiA/NT)

XS
SM
MD
LG