Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

ЖЭБде түзүлгөн кырдаал боюнча кылмыш иши козголду


Бишкек жылуулук борбору.
Бишкек жылуулук борбору.

Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүнүн ("Шалаакылык") негизинде кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдиргендей, буга Бишкекти жылуулук менен камсыздоодогу маселе тууралуу чогултулган материалдардын жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин кайрылуусу негиз болду.

Маалыматка караганда, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, мындан тышкары "Улуттук энерго холдинг", "Электр станциялары", "Бишкек Жылуулук тармактары" ишканаларынын кызмат адамдары өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдануу тууралуу пландуу тапшырмаларын жетиштүү аткарбагандыктан жылуулук борборунда жабдуу иштен чыгып, өз убагында калыбына келтирилген эмес. Ошол эле учурда Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө жабдуунун эмне себептен иштен чыкканы аныктала электиги айтылат.

Түзүлгөн абалдан улам Бишкектин көпчүлүк бөлүгү, Туңгуч, Аламүдүн, Көк-Жар, Восток-5, 3-4-5-6-7-8-9-10-11-12, Асанбай, Улан, Түштүк-2 кичи райондору, мындан тышкары №3 балдар ооруканасы, №1 балдардын кургак учук бейтапканасы, №4 төрөт үйү жана башка социалдык мекемелер жылуулуксуз калганы белгиленген. (NT)

Бишкектеги суук бийлик менен элди сынады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

XS
SM
MD
LG