Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Бишкек Жылуулук борборунда жаңы блок ишке кирди


Бишкек Жылуулук борборундагы азыркы абал. Сүрөт 29-январда тартылган.
Бишкек Жылуулук борборундагы азыркы абал. Сүрөт 29-январда тартылган.

Бишкек Жылуулук электр борборунда "№3 блок" 30-январда таңкы саат 4.40та ишке киргизилди. "Улуттук энерго холдинг" компаниясынан билдиришкендей, бул блок 150 мегаватты көтөрүүгө жөндөмдүү, +88 градус жылуулук берет. Учурда системадан чыккан суунун температурасы 66-67 градусту түзөт.

Аны суу менен толтуруу иштери 29-январда башталган. Азыр жылуулук системада айланып, температура 10 градуска көтөрүлгөнү белгилүү болду. Дагы жогорулатуу үчүн суу системада бир нече жолу айланышы керек, ага үч-төрт саат талап кылынат.

Буга чейин жаңы блокту ишке киргизүү суунун жетишпегени үчүн мүмкүн болбой жаткан, таңсыктык эски от казандарда да байкалган.

Аталган мекеме үйлөрдө жылуулук "кечке маал калыбына келип калат" деп ишендирди. Эски от казандарды оңдоо иштери тынымсыз уланып жатканын кошумчалады.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдык 26-январдын кечинде иштен чыкканы айтылган. Ошондон бери ЖЭБдин абоненттери жылуулуксуз отурат. Үйлөрдө температура 11-16 градус болууда. Бийлик муну өндүрүштүк кырсык деп сыпаттоого болбой турганын билдирип жатат. (NT)

Үшүгөн үйлөр, шаштысы кеткен шаардыктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00

XS
SM
MD
LG