Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Алмамбет Шыкмаматовдун соту 5-февралга жылды


Алмамбет Шыкмаматов кесиптеши, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди колдоо акциясы маалында сөз сүйлөп жатат. 2017-жыл, Бишкек.
Алмамбет Шыкмаматов кесиптеши, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди колдоо акциясы маалында сөз сүйлөп жатат. 2017-жыл, Бишкек.

Бишкек шаардык соту парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун сотун 5-февралда карай турган болду.

Сот мындай чечимди бүгүн Шыкмаматовдун адвокаты Чынара Жакупбекованын ооруп калганына байланыштуу кабыл алды.

25-январдагы жараянда "тендер менен алынды" деген автоунаанын ээлери, тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү көрсөтмө беришкен. Алардын көпчүлүгү Шыкмаматовдун тендерге тиешеси болбогонун айтышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовду 5 миллион сом айыпка жыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, шаардык сотко даттанган.

Эл өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон. (NT)

XS
SM
MD
LG