Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Ислам Каримовдун небереси Лондондон башкалка сурады


Ислам Каримовдун небереси.
Ислам Каримовдун небереси.

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун тун небереси - анын да аты Ислам - Британиядан саясий башкалка сурады. Гүлнара Каримованын уулу бир ай мурда арыз жазганын анын адвокаты билдирди. Бир ай мурда Ислам документтер даяр болору менен башпаанек сурай турганын Би-Би-Сиге билдирген.

"Апама байланыштуу чоң окуя болду. Ал абдан купуя сакталууда" деген Каримов ал кандай окуя экенин тактаган эмес.

Президент Каримов 2016-жылдын сентябрында кайтыш болгон. Гүлнара Каримова атасы тирүү кезинен бери эле акыркы жылдары дайынсыз болуп кеткен. Өткөн жылы жайында бийлик ал Өзбекстанда үй камагында экенин алгач ирет билдирген. Ал каржылык бир топ кылмыштарга байланыштуу айыпталууда.

Гүлнара Каримова кезинде Ислам Каримовдун мураскору экени айтылып, Өзбекстандагы ишкерлик жана шоу-бизнес тармагын көзөмөлдөп турган. Каримов 2016-жылы 2-сентябрда 79 жашында көз жумгандан кийин Гүлнара атасынын сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына да катыштырылган эмес.

XS
SM
MD
LG