Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Суучул Петрашов Люксембургдагы мелдеште эки алтын медал утту


Денис Петрашов. Чолпон-Ата, 16-июль, 2016-жыл.
Денис Петрашов. Чолпон-Ата, 16-июль, 2016-жыл.

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Люксембургда өткөн "Euro Meet Luxembourg" эл аралык мелдешинде эки алтын, эки коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу Юрий Захаров "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Петрашов жаштар арасында 100 жана 200 метрге брасс ыкмасында сүзүп, жеңүүчү аталган. Ушул эле ыкмада ал 50 метрге жарышууда коло байге алган. Ошондой эле чоңдор арасында 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө коло медал тагынып, Кыргызстандын рекордун жаңыртты (1.01.42).

Кыргызстандан бул мелдешке төрт оюнчу катышкан. Эки алтын, эки коло байге уткан Денис Петрашовдон тышкары, Елизавета Рогожникова 400 метрге сүзүүдө эки медал – кыз-келиндер арасында бир күмүш (комплекс), кыздар арасында бир коло медал (эркин) тагынды.

Рогожникова бул мелдештеги көрсөткүчтөрү менен Кыргызстандын төрт рекордун жаңылаган (400 м. комплекс - 5.01.56, 200 м. комплекс -2.24.86, 200 м. чалкалап сүзүү - 2.23.76, 100 м. чалкалап сүзүү - 1.07.22).

17 жаштагы Денис Петрашов 2017-жылы брасс ыкмасы менен 100 метрге сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону болгон. Ал 2016-жылы Бразилиянын Рио-Де-Жанейро шаарындагы Олимп оюндарына катышып, 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө тандоо жарышында 2 мүнөт 16.57 убакытта сүзүп келип, 38-орунду ээлеген.

“Euro Meet Luxembourg” – сууда сүзүү боюнча жыл сайын уюштурулуп турчу мелдеш. Спорттук жарыш Люксембургда болуп, ага 26 мамлекеттен 819 суучул катышты. Мелдешке Олимпиаданын алты жолку жеңүүчүсү, венгриялык Ласло Чех жана британиялык олимпиада чемпиону Адам Пити да келди.

XS
SM
MD
LG