Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Элвира Сурабалдиева: ЖЭБди эмнеге кытайлар башкарып жатат?


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева Бишкек Жылуулук электр борборун Кытайдын жарандары башкарып жатканына нааразы болду. Бул тууралуу ал парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 30-январда Бишкек жылуулук борборунда өткөн көчмө жыйынында билдирди. Ал бул тууралуу сөзүн "Facebook" социалдык тармагындагы өзүнүн барагына да жазып чыкты.

Сурабалдиева ЖЭБде иштеген кытайлык адистер Кыргызстандын бюджетинен айлык аларын маалымдады. "Стратегиялык маанилүү объект эмне үчүн кытайлыктардын башкаруусуна берилип калган?" деп суроо салды депутат. Ал 386 миллион доллардын эсебинен кытайлык кызматкерлерге 3 миллион доллар берилгени көп суроо жаратарын кошумчалады. Буга чейин парламентте ЖЭБди модернизациялоого кеткен 386 миллион доллардын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссия түзүү боюнча демилге көтөрүлгөн.

Ишкананы модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Ишти Кытайдын TBEA компаниясы жүргүзгөн. Буга чейин Жогорку Кеңеште "ЖЭБди оңдоп-түзөө иштеринин алдында техникалык-экономикалык негиздеме ачык көрсөтүлбөй калган" деген сын пикирлер айтылган.

Былтыр сентябрда Эсеп палатасы “Электр станциялары” ишканасынын 2015-жылдагы ишмердүүлүгүн текшерген учурда 386 миллион долларлык келишим түзүлгөн маалда ЖЭБди реконструкциялоого кеткен чыгымдардын эсеп-кысабы менен сметасы жок болгонун жарыялаган.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, абоненттер жылуулуксуз калган. Үйлөрдө температура 11-16 градустун тегерегинде болуп, башкалаанын тургундарын катуу нааразы кылган. Бийлик муну өндүрүштүк кырсык деп сыпаттоого болбой турганын жана жылуулук бүгүн калыбына келерин билдирип жатат. Учурда айрым райондордо жылуулуктун температурасы көтөрүлө баштаганы кабарланууда. Антсе да жылуулук борборуна жакын жайгашкан Туңгуч, Аламүдүн райондорунун айрым жашоочулары батареялар мурдагыдай эле муздак экенин "Азаттык" радиосуна маалымдашты. (NT)

XS
SM
MD
LG