Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Орусиялык спортчу кышкы Олимпиадага катышуудан баш тартты


Ольга Граф Сочи Олимпиадасында. 21-февраль, 2014-жыл.
Ольга Граф Сочи Олимпиадасында. 21-февраль, 2014-жыл.

Ольга Граф Түштүк Кореядагы оюндарга катышууга чакыруу алса да мелдештерге барбайт. Ал мындай чечимге Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык коньки тебүүчүлөрдүн командасын оюндардан четтетип салгандан кийин келген.

"Мен Эл аралык Олимпиада комитетинин "Орусиянын спортчулары бейтарап желек алдында чыксын" деген чечимине каршымын. Анын үстүнө мен өз өлкөмдүн намысын коргоого даяр болчумун" деп айтылат Графтын билдирүүсүндө. Анын пикиринде спорт "саясий оюндардын куралына айланды".

2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиада оюндарында Граф эки коло медал алган. Быйыл декабрь айында Орусиянын курама командасы кышкы Олимпиададан четтетилген. Эл аралык Олимпиада комитети "орус бийлиги мамлекеттик деңгээлде спортчуларга кызытма берүү системасын түзгөн" деген тыянакка келген.

Кызытма колдонуудан таза чыккан орусиялык спортчулар бейтарап желек алдында Пхенчхандагы оюндарга катышат. Москва кышкы Олимпиадага сунуш кылган 500 атлеттин 169на гана Эл аралык Олимпиада комитети уруксат берди.

XS
SM
MD
LG