Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Камактагы оппозициячылардын соту болот


Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду, Кубанычбек Кадыровду жана Дастан Сарыгуловду бошотууну талап кылган митинг, 2017-жыл.
Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду, Кубанычбек Кадыровду жана Дастан Сарыгуловду бошотууну талап кылган митинг, 2017-жыл.

Бүгүн Бишкек шаардык соту "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталган саясатчылар Бектур Асановдун, Эрнест Карыбековдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Дастан Сарыгуловдун ишин кароону улантат. Бул тууралуу “Саясий туткундарды коргоо” комитетинин мүчөсү, жарандык активист Зулфия Марат “Азаттык” радиосуна кабарлады. Бул күнү тараптардын жарыш сөзү уланат.

24-январда Бишкек шаардык сотунун судьясы Адис Момуналиев айыптоочулардын адвокаттары сунуш кылган күбөлөрдү суроодон баш тарткан жана УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Максат Эсенбаевди териштирүүгө чакыруу жөнүндө айыпталуучулардын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Ошондой эле Асанов менен Кадыровдун үстүнөн арыз жазган адамды чакырып, суракка алуу тууралуу өтүнүчтү четке каккан.

Ушундан кийин Бектур Асанов жакындары менен жолугушууга уруксат берилбегени үчүн жана “сот акыйкат өтпөй жатат” деген негизде 30-январдан тартып “кургак ачкачылык” жарыялаган. Бүгүн ага калган эки саясатчы да кошулары айтылды.

Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. 2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар райондук соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG