Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Парламент Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды талкуулайт


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал парламенттин жалпы жыйынында талкууланат. Бул маселе күн тартибине биринчи болуп киргизилди. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, ЖЭБдеги кырдаал боюнча вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана аталган борбордо көчмө жыйын өткөргөн депутаттар маалымат беришет.

- Бул жерде шалаакылык бар. Жаңы ЖЭБ кымбат болсо да салынып калганы жакшы болуптур. Модернизация болбосо Бишкек тоңуп кала турган абалга жеткен экенбиз. Ага кеткен каражат боюнча да биз тиешелүү органдарга кат жөнөттүк. Анын жыйынтыгы чыга электе саясатташтырган туура эмес, - деди ал.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдык 26-январдын кечинде иштен чыгып, абоненттер жылуулуксуз калган. Үйлөрдө температура 11-16 градустун тегерегинде болуп, башкалаанын тургундарын катуу нааразы кылган. Учурда айрым райондордо жылуулуктун температурасы көтөрүлө баштаганы кабарланууда.

Кечээ Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети кырдаал боюнча ЖЭБде көчмө жыйын өткөргөн. Ушул эле күнү Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG