Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Иранда хижабга каршы чыккан кыз камактан бошотулду


Тегерандын Энгелаб көчөсүндө хижабга каршы чыккан кыз. Архивдик сүрөт.
Тегерандын Энгелаб көчөсүндө хижабга каршы чыккан кыз. Архивдик сүрөт.

Өткөн айда Тегеранда ислам дресс-кодуна каршы тынч митингге чыккандан кийин кармалган кыз бошотулду. Ирандык укук коргоочу Насрин Сотуде "Фейсбукка" “Энгелаб көчөсүндөгү кыз бошотулду” деп жазды.

Тегерандын Энгелаб (Революция) көчөсүндө жоолуксуз турган кыздын (аты белгисиз) видеосу Интернетке тараган. Видеодо кыз ак желегин булгалоо менен милдеттүү түрдө хижаб кийүү талабына каршы чыккан.

Насрин Сотуде прокуратурага барып, ал кыз камактан чыкканын билди.

1979-жылдан тартып Иранда кийим кийүүнүн консервативдүү эрежелери сакталып калган. Бул тартипке ылайык, аял заты чачын жаап, узун жана кенен көйнөктөрдү кийиши керек.

XS
SM
MD
LG