Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

АКШ президенти Конгрессти Иран келишимин оңдоого чакырды


Трамп Конгрессте кайрылуу жасаган учур. Вашингтон, 30-январь, 2018-жыл.
Трамп Конгрессте кайрылуу жасаган учур. Вашингтон, 30-январь, 2018-жыл.

Доналд Трамп Конгресттеги кайрылуусунда америкалык мыйзам чыгаруучулардан Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимди оңдоодо жардам берүүнү суранды:

- Биз бүткүл дүйнө боюнча достугубузду чыңдоо менен катар каршылаштарыбызга карата да аныктыкты калыбына келтирип жатабыз. Ирандын эли өзүнүн коррупцияланышкан диктатурасына каршы көтөрүлгөндө мен үн катпай койгон жокмун. Америка Иран элинин эркиндик үчүн каармандык күрөшүндө алар менен бирге. Мен Конгрессти Ирандын өзөктүк программасы боюнча өтө жаман келишимдеги фундаменталдык кемчиликтерге кайрылууга чакырам.

Президент Доналд Трамп жана анын администрация мүчөлөрү дүйнөнүн ири алты державасы Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзгөн келишимди такай сындап жүрүшөт.

Кошмо Штаттардагы эреже боюнча президент ар токсон күн сайын Конгресске Иран өзөктүк келишимдин шарттарын аткарып же аткарбай жатканы боюнча маалымат берип турушу керек.

Быйыл 12-январда кезектеги мөөнөт келгенде Трамп санкциялар боюнча Иранга берилген жеңилдиктин мөөнөтүн "акыркы ирет" узартып жатканын, өзөктүк келишим өзгөртүлүшү керек экенин, болбосо АКШнын андан "чыгып кетүү тобокелдиги" бар экенин эскерткен. Ага чейин 13-октябрда Трамп "Тегеран макулдашуунун талаптарын аткарып жатат" деп расмий түрдө бышыктоодон баш тарткан.

Иран 2015-жылы жайында дүйнөнүн алты ири державасы менен түзгөн көп тараптуу макулдашууга ылайык, ал өзөктүк программасын кыскартып, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар дээрлик жоюлган. Бирок АКШ Конгрессинин санкциялары али күчүндө. (UE)

XS
SM
MD
LG