Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 21:49

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын башчысы Рустам Иноятовду иштен алганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна өз атын атагысы келбеген эки өкмөт өкүлү ырастады. Алардын айтымында, президент бул тууралуу Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын 31-январындагы жыйынында билдирип, атайын кызматтын башчылыгына Ихтиёр Абдуллаев дайындалганын кошумчалаган.

73 жаштагы генерал-полковник Иноятов Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын 23 жылдан бери башкарып келди. Коомчулукка көп көрүнбөгөн Иноятов Өзбекстандын бийлик тутумундагы эң таасирдүү адамдарынын бири катары айтылчу. Ал 2016-жылдын сентябрында мурдагы президент Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин жогорку бийликте кызматын сактап калган саналуу адамдардын бири эле. "Иноятов Каримовдун мураскору" деген божомолдор айтылчу.

Өзбекстандын атайын мекемесинин жаңы башчысы, 51 жаштагы Ихтиёр Абдуллаев буга чейин башкы прокурордун кызматын аркалаган. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG