АКШ президенти Конгресстеги жылдык кайрылуусу учурунда Түндүк Кореяга киргизилген санкцияларга токтолду:
- Бир дагы режим өз жарандарын Түндүк Кореяда орун алган диктатурадай толук жана катаал эзген эмес. Түндүк Кореянын акылсыздык менен учурулган ракеталары жакынкы убакытта мекенибизге да коркунуч жаратышы мүмкүн. Биз муну болтурбаш үчүн Түндүк Кореяга максималдуу басым жасап жатабыз. Тажрыйба бизди өзүнө өзү корстон болуу жана чегинүү агрессия менен чагымга гана шыкак берерин үйрөттү. Мен мурдагы администрациялардын бизди бул коркунучтуу чекке алып келген каталарын кайталабайм.
АКШ Түндүк Кореяга каршы кезектеги санкциясын өткөн аптада киргизген. Каржы министрлиги жарыялаган тизмеде Түндүк Кореянын компаниялары менен банктарынын көбү Кытайда жана Орусияда жайгашкан он өкүлү, жүк ташуучу беш компаниясы, алты кемеси бар. АКШнын санкциясына ылайык, америкалык жарандар жана компаниялар алар менен кызматташа албайт.
Пхеньян 2017-жылы жалпысынан 16 жолку атуу учурунда 23 ракетасын сынады. Алардын кеминде экөө континент аралык баллистикалык ракета болду.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы экономикалык санкцияларын акыркы ирет былтыр 22-декабрда күчөткөн. (UE)