Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:20

Абактагы үч саясатчы Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда


"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталган саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров кыргызстандыктарга жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда өлкөдө саясий кризис курчуп жатканы, буга соңку эки жылда оппозициялык саясатчыларды камоо себеп болуп жатканы белгиленген. Мындан сырткары, саясатчылардын кайрылуусунда УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев “Белизгейт” боюнча далилдерди көрсөтө албаганы, өздөрү да далилсиз соттолуп жатканы айтылган. Ошондон улам абактагы саясатчылар Сегизбаевди кызматтан бошотууну талаа кылып жатышат. Талаптары аткарылбаса кайрылуу ээлери “кургак ачкачылык" баштай турганын айтышкан.

Бишкек шаардык сотунда 31-январга белгиленген соттук отурум Бектур Асанов менен Эрнест Карыбековдун УКМКнын тергөө абагынан башкалаадагы №47 абакка которулганына байланыштуу 2-февралга жылдырылды. Саясатчылардын жакындары жана адвокаты алар ачкачылыкка байланыштуу алдын-ала которулушу ыктымал экенин айтып жатышат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыратууга, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. 2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар райондук соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп жүрүшөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG