Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Журналист Алишер Саиповго Сахаров сыйлыгы ыйгарылды


Алишер Саипов тууралуу китеп.
Алишер Саипов тууралуу китеп.

Маркум журналист Алишер Саиповго Андрей Сахаров атындагы "Эрдик үчүн" ордени ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи 31-январда Москвада өттү.

26 жаштагы Алишер Саиповду 2007-жылдын 24-октябрында белгисиз бирөөлөр Ошто атып кетишкен. Кылмыштын бети эмгиче ачыла элек.

Алишер Саипов "Voice of Ameriсa", "RFE/RL-Ozodlik", BBC, "Mashhad" радиолору, "Фергана.Ру" маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган. Өзбек тилиндеги "Сиёсат" гезитин негиздеп, ал жума сайын чыгып турган. Гезит Кыргызстанга жана Өзбекстанга тараган. Журналисттин өлүмүнөн соң басылманын иши токтогон.

Дагы бир өзбекстандык журналист Хает Хан Насреддиновго да сыйлык ыйгарылды.

Сахаров сыйлыгын 1988-жылы Европарламент негиздеген. Ал адам укуктары жана негизги эркинди чөйрөсүнө зор салым кошкондорго ыйгарылат.

Суутек бомбасынын «атасы» катары белгилүү орус физиги А.Сахаров советтик режимди катуу сындап, саясий куугунтукка кабылгандардын укугун коргоо үчүн күрөшкөн. Андрей Сахаров Нобель сыйлыгынын ээси. (LzT)

XS
SM
MD
LG