Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 19:12

Бүгүн Бишкекте тоо-кен тармагында иштеген инвесторлор, ишкерлер үчүн даярдалган колдонмо китепченин бет ачары болот. “Тынчтыкты коргоо” эл аралык уюмунун адиси Назгүл Аксариеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул колдонмо тоо-кен ишканалары менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр-чатактарды жоюу жана алардын алдын алуу максатында жазылып чыккан.

- Бул инвесторлорду даярдоо үчүн да жазылган. Мисалы, инвестор Кыргызстанга келерде кандай чыр-чатактар болорун, анын кандай себептери бар экенин билип келишет. Ошого жараша чыр-чатактардын алдын алуу боюнча сунуштар жазылган. Мындан тышкары, тоо-кен тармагы боюнча Кыргызстандагы мыйзамдар камтылган.

Бүгүнкү иш-чара Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен чогуу уюштурулуп жатат. Ага мамлекеттик кызматкерлер жана эл аралык эксперттер катышат.

Кыргызстанда кен казган компаниялар менен жергиликтүү калктын ортосунда көп чатак чыгат. Буга чейин кен чыккан аймактагы калктын нааразылыгынан улам бир катар компаниялар ишин токтотууга мажбур болушкан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG