Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Президент Жээнбековдун Тажикстанга барат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Иш сапарынын жүрүшүндө Жээнбеков Тажикстандын президенти, өкмөт башчысы жана спикери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт. Күн тартибине киргизилген маселелердин арасында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иши да бар. Мындан тышкары, соода-экономикалык алака, бул багыттагы байланышты күчөтүү тууралуу сөз болот.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоеванын айтымында, расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат жана эки өлкө башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат. Жээнбековдун расмий иш сапары тажик президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен өткөн атат.

Кыргыз президенти Тажикстанда 1-2-февраль күндөрү болот. Бул - Жээнбековдун президент катары Дүйшөмбүдө боло турган алгачкы иш сапары.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Анын 55 пайызга жакыны тактала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG