Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

AI Трамптын Гуантанамо абагын сактап калуу боюнча чечимин сындады


Гуантанамодогу атайын абак 2002-жылы курулган.
Гуантанамодогу атайын абак 2002-жылы курулган.

Эл аралык "Amnesty International" укук коргоо уюму АКШнын президенти Доналд Трамптын терроризмге байланыштуу айыпталгандар кармалган Гуантанамодогу түрмөнү сактап калуу тууралуу чечимин сынга алды.

Трамп Гуантанамо абагын сактап калуу жөнүндө 31-январда Конгресстеги кайрылуусунда айткан. Анда президент жүздөгөн коркунучтуу террорчуларды эркиндикке чыгаруу туура эмес экенин белгилеп, АКШ терроризмге байланыштуу айыпталгандарга карата саясатын кайра карап чыкмайынча түрмө ишин уланта берерин айткан.

2009-жылы Гуантанамону АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама жабууга аракет кылган. Анда ал камактагыларды мекенине кайтаруу, үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүү жана АКШнын аймагындагы башка абактарга которуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Гуантанамодогу атайын абак 2002-жылы кенже Жорж Буш президент болуп турган маалда курулган. 2017-жылы анда 41 киши кармалып турган. Укук коргоочулар Гуантанамодогу адамдар кыйноого кабылаарын, адам укуктары бузулуп жатканын нечен жолу билдиришкен.

XS
SM
MD
LG